• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМК Instagramга кытайлыктар боюнча жазган пост үчүн риэлтор менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

6 Баш оона 202515:37 Бишкек Govori.TV

2025-жылдын 16-июлунда кыймылсыз мүлк агенттигинин риэлтору, КР жараны Нусупов Рустам Аскаралиевич Instagram социалдык тармагындагы өзүнүн «rustam.nusupov.realestate» баракчасына «Кытай жарандарынын массалык түрдө Бишкек шаарынан кыймылсыз мүлктөрдү сатып алуусу жана жакын арада «Чайна Таун»  шаарчасынын пайда болуу коркунучу тууралуу видео кайрылуу жарыялаган. Бул кайрылуу кыргыз интернет айдыңына тарап, социалдык тармактардын колдонуучуларынын арасында нааразылыктарды жаратып, улуттар аралык мүнөздөгү өтө терс пикирлер менен коштолгон.

УКМКнын басма-сөз кызматы билдиргендей, 2025-жылдын 4-августунда УКМК Р.Нусупов менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн учурда, ал соцтармактарда тараган видео кайрылуусунда айткандары боюнча эч бир жүйөлүү жана кайсы бир документтерге негизделген маалыматтарды келтире алган жок. Ошондой эле мындай туура эмес маалыматтарды камтыган кайрылуулар көрүүчүлөрдү адаштырып, коомчулукта резонанс жаратаарын билбегендигин айтуу менен, видео кайрылуусунда өзү көтөргөн теманы өзүнүн гана каттоочулары арасында талкуулоону каалагандыгын билдирди.  

 Р.Нусуповдун айтымында, бул видео кайрылуу «Асман Медиа» маалымат агенттиги (@news.asman) тарабынан анын макулдугусуз социалдык тармактарга тараган. Аталган маалымат агенттиктин бул аракеттеринен КР КЖК 330-беренесинде (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) каралган кылмыштын белгилерин байкоого болот. 

Жыйынтыгында Р.Нусупов кайрылуусунда келтирген жүйөлөрдүн бири-бирине дал келбестигин түшүнүп, мындан ары этият болууга, улуттар аралык мамиледе жагымсыз кесепеттерге алып келе турган такталбаган маалыматтарды социалдык тармактарга жарыялабоого милдеттендирилди.

Количество просмотров: 258