• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чаткалда кар көчкүдөн 2 киши каза болду

22 Үчтүн айы 2022 9:00 Бишкек Govori.TV

Чаткалда кар көчкүдөн 2 киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чаткал районунун   Жамгыр жана Мырзаш участкасынын орто чениндеги унаа жүрүүчү жолдо  кар көчкү түшүү коркунучу жаралган жерлерге байкоо жүргүзүп жаткан эки жаранды капысынан чоң көлөмдөгү кар басып калып, жеринде каза болушкан. Алар «Вертекс Голд» ЖАКнын  31жаштагы А.Ж. жана 30 жаштагы Ж.А. аттуу кызматкерлери  экени такталды.

«Үрөй учурган кырсык болгон жерде дароо куткаруу иши жүрүп, КР ӨКМдин 5 куткаруучусу, «Вертекс Голд» компаниясынын 3 бирдик унаа жүктөгүчү,  2 эксковатор жана аталган ишкананын 120 кызматкери издөө жүргүзүшкөн. Натыйжада, саат 17:30да Токтогул районунун тургуну  А.Ж.уулунун жансыз денеси табылып, 1,5 саат убакыттан кийин Бишкек шаарынын тургуну Ж.А. аттуу жарандын сөөгү кар астынан алынып чыгарылган»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда, каза болгон жарандардын сөөгү укук коргоо органына өткөрүлүп берилип, иликтөө иши уланууда.

Количество просмотров: 211