• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Чаткалда шахтадан газ чыгып, 24 жаштагы жаран каза болду

11 Тогуздун айы 2022 17:49 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абаддын Чаткал районундагы шахтадан газ чыгып, 24 жаштагы жигит көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-октябрда түнкү күнү саат 02:29дар чамасында Чаткал районундагы кен өндүрүүчү ишкананын инженери шахтада газ чыккандыгын кабарлаган.

“Шахта ичинде калган жаранды куткарууга тогуз куткаруучу тартылган. Тилекке каршы жеринен 24 жаштагы М. у. Т. аттуу жарандын сөөгү табылган”, — деп айтылат маалыматта.

Куткаруучулар сөөктү алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 168