• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМКнын Чаткал райондук бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди

30 Кулжа 20259:23 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чаткал райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын пайдаланууга берилди.

Атайын кызматтан билдиришкендей, ачылыш аземине атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев, жергиликтүү башкармалыгынын өздүк курамы, ардагерлер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Камчыбек Ташиев өз сөзүндө мыйзамдуулукту бекем саткоону жана мамлекет тарабынан көрүлуп жаткан камкордукка татыктуу болууну эскертти. Буга чейин уюшкан кылмыштуулук кандай чечкиндүүлүк менен жок кылынган болсо, эми өлкөдө коррупция дагы түп тамырынан жок кылынышы зарыл экенин белгиледи.

Ошондой эле ал УКМКнын Чаткал райондук бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн курулган кызматтык үйдүн дагы ачкычтарын тапшырды. Эми кызматкерлер башка жерлерде эмес, райондук бөлүмгө жанаша жайгашкан жаңы кызматтык үйдө өз үй-бүлөлөрү менен жашап, кызматын аткарышат.

Количество просмотров: 92