• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чаткалда чакан ГЭСтердин курулушуна старт берилди

30 Кулжа 202510:58 Бишкек Govori.TV

 Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Чаткал дарыясына салынып жаткан чакан ГЭСтердин курулушуна старт берди.

Атайын кызматтан билдиришкендей, ошондой эле ал Чаткал өрөөнүндө алгачкы алгачкылардан болуп курулуп жаткан «Башкы-Терек» ГЭСинин имаратына капсула салуу аземине катышты.

Чаткал дарыясында ГЭСтер каскадын куруу боюнча инвестициялык долбоордо 4 чакан ГЭС куруу каралып, 3 жыл ичинде курулуп бүтөт. Долбоор министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, эгергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылып жатат.

ГЭСтерге «Гран Холдинг» ЖЧКсы инвестор болгон. Чаткал ГЭСтер каскады Каныш-Кыя айыл аймагына курулат. Алар:

  • Башкы-Терек;
  • Коргон-Сай;
  • Чуңкурчак;
  • Айгыр-Жал.

«Бул долбоор ишке ашса Чаткал өрөөнү туруктуу электр энергия менен камсыз болот жана Ала-Бука жана Таласка да жеткирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Чаткал өрөөнүндө биринчи жолу ГЭС салынып жатат. Бул өлкөдөгү жеке өнөктөштөр тарабынан курулуп жаткан эң ири долбоор болуп саналат.

Количество просмотров: 102