31-июлда саат 07:55те Кыргызстандын аймагында Чаткал тоо кыркаларында жер силкинүү катталганын Сейсмология институту кабарлады.
Маалыматка караганда, жер титирөөнүн күчү очогунда 3,5 баллга жетип, Жалал-Абаддын Чаткал, Тегирмен-Сай, Жылгын, Аркыт айылдарында жана Талас шаарында сезилген.