• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чеченстанда орозо айтта адамдарга көчөгө чыгууга тыюу салынды

21 Бугу 2020 16:57 Бишкек Govori.TV

Чеченстандын Ички иштер министрлиги төрт күнгө (23-26-май) созулган орозо айт майрамында коронавирус коркунучунан улам жарандарга көчөгө чыгууга тыюу салынарын эскертти. Бул күндөрү чукул кызматтар гана иштей турганын маалымдады.

Орозо айт мусулмандардын башкы майрамдарынын бири жана бул күнү жарандар тууган-уругу, тели-теңтушунун үйүнө айттап барышат, конок чакырышат.

Ички иштер министри Руслан Алханов чеченстандыктар жалпысынан жагдайды туура түшүнүп жатканын, бирок эл арасында илдеттин олуттуу экенин кенебегендер да бар экенин айтты. «Айрым бир жоопкерчиликсиз жарандардын айынан баары жабыркап калышын каалабайбыз, ошондуктан карантин эрежелерин бузгандарга мыйзамдагы катаал жазаларды колдонобуз», — деди министр.

Мунун алдында Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров менен муфтий Салах Межиев жарандарды Орозо айтты үйдө гана белгилөөгө чакырган. Орусиянын президенти Владимир Путин да орусиялык мусулмандарды майрамда үйдө болууга үндөгөн.

Апрель айынын башында Рамзан Кадыров Чеченстандын чек араларын жаап койгон жана өлкөдө карантин жарыялаган. Чечен бийлиги мындай чаралар менен ооруну ооздуктай алышканын айтып келет. Чеченстанда мисалы коңшу Дагестанга салыштыруу COVID-19га кабылгандар үч эсе аз, тактап айтканда ооруну миңден ашыгырак адам жугузуп алган.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 85