• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Чеченстанда сабалган журналист ооруканадан чыкты

12 Теке 202316:48 Бишкек Govori.TV

Чеченстанда адвокаты Александр Немов менен чогуу катуу сабалган «Новая газетанын» журналисти Елена Милашина ооруканадан чыкты. Бул тууралуу журналист Алексей Венедиктов өзүнүн телеграм-каналына жазды.

Венедиктовдун айтымында, Милашина ооруканадан чыкканы менен дарыгерлердин көзөмөлүндө болот.

Милашина 5-июлда медициналык текшерүүдөн өткөн. Анда дарыгерлер анын мээси катуу чайкалганын, колу 14 жеринен сынып, жумшак ткандарында жаракаттары бар экенин билдиришкен.

4-июнда Елена Милашина менен Александр Немов Грозный аэропортунан шаардын борборуна такси менен баратканда беткапчан, кара кийимчен куралчан адамдардын кол салуусуна кабылышкан. Алар Грозныйга Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыровдун бийлигин кескин сындаган бозгундагы чечен активисттери Абубакар, Ибрагим жана Байсангур Янгулбаевдердин апасы жана Чеченстандын Жогорку Сотунун мурдагы судьясы Сайди Янгулбаевдин жубайы Зарема Мусаеванын сотуна катышуу үчүн барышкан.

5-июлда Орусиянын Тергөө комитети Милашина менен Немовго кол салуу фактысы боюнча «Атайылап адамдын денесине орто залал келтирүү» жана «Атайылап адамдын денесине жеңил залал келтирүү» беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

Количество просмотров: 86