• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Чеченстанда сабалган журналисттин колу бир нече жеринен сынган

6 Теке 2023 15:45 Бишкек Govori.TV

Чеченстанда сабалган «Новая газетанын» журналисти Елена Милашина Москвадагы ооруканалардын биринде текшерүүдөн өттү. Дарыгерлер анын мээси катуу чайкалганын, кол сөөктөрү 14 жеринен сынып, жумшак ткандарында жаракаттар бар экенин билдиришти.

Азырынча Милашина менен чогуу сабалган анын адвокаты Александр Немовдун абалы тууралуу маалымат чыга элек.

Ал арада Чеченстандын Тергөө комитети журналист менен адвокатка кол салуу фактысы боюнча дээрлик эки суткадан кийин гана «Адамдын саламаттыгына жеңил жана орто деңгээлде зыян келтирүү» беренеси менен кылмыш ишин козгогону кабарланды.

4-июнда Елена Милашина менен Александр Немов бозгундагы үч чечен активисттин апасынын сотуна катышуу үчүн Грозныйга барышкан. Алар аэропорттон шаардын борборуна такси менен баратканда беткапчан, кара кийимчен куралчан адамдар кол салган.

Милашина Грозныйдан Бесландагы ооруканага жеткирилгенден кийин бир нече жолу эсин жоготкон. Анын мээси катуу чайкалып, бети-башына медициналык «зеленка» чачып, чачын такырайта кырып салышкан. Адвокат Немов бутунан жаракат алганы кабарланган.

Журналист менен адвокат Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыровдун бийлигин кескин сындаган бозгундагы чечен активисттери Абубакар, Ибрагим жана Байсангур Янгулбаевдердин апасы жана Чеченстандын Жогорку Сотунун мурдагы судьясы Сайди Янгулбаевдин жубайы Зарема Мусаеванын сотуна катышуу үчүн Грозныйга барышкан.

Адвокат Немов 53 жаштагы Мусаеванын укугун коргосо, журналист Милашина бул сот процессин чагылдырып келген.

Кол салуу болгон күнү Грозныйдагы райондук сот Мусаеваны «көз боёмочулук» беренеси боюнча беш жарым жылга кести. Укук коргоочулар чечен бийлиги уулдарынын оппозициялык ишмердиги үчүн апасы куугунтукка кабылганын айтып келишет.

Журналист Милашина буга чейин чечен лидери Рамзан Кадыровдун оозеки коркутуусуна кабылган.

Шейшембинин кечинде Кадыров журналистке жана адвокатка кол салгандардын тек-жайын аныктоону тиешелүү кызматтарга тапшырганын белгилеп, «териштиребиз» деп убада берди.

Количество просмотров: 103