Баткен облусундагы абалга байланыштуу кооптуу аймакка жакын жайгашкан айылдардан эвакуациялангандардын 9 миң 880 жаран туруктуу жашаган жерлерине кайтып келүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жарандарды кайра көчүрүү иши ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын куткаруучулары жана Жарандык коргонуунун атайын бөлүнгөн техникалары тарабынан жарандарды туруктуу жерине жайгаштыруу иши жүргүзүлүүдө.
Баткен облусу боюнча 11 миң 52 адам эвакуацияланып, алардын ичинен 10 миң 410и туугандарынын үйлөрүнө, 642 киши жарандарды коопсуз жайга жайгаштыруу максатында даярдалган 7 пунктка жайгаштырылган.
Аталган пункттарда ӨКМдин Баткен облустук түзүмдөрү күчөтүлгөн режимде иштеп, жарандарды ысык тамак-аш, биринчи кезекте зарыл болгон гигиеналык каражаттар, 670 комплект (төшөк, жаздык, матрац, шейшеп) менен камсыздашкан.
Эскерте керсек, Баткен облусундагы абалга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн иш-чараларды жеринде өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кординациялоодо.