• Ишенби 1 Тогуздун айы 2022
  • Суббота 1 Октябрь 2022

Чек ара: Ак-Суу дарыясындагы көпүрө ачылды

20 сентября 2022 в 12:55 Бишкек Govori.TV

Баткенде Ак-Суу дарыясындагы 36 метрлик көпүрө транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн ачылды. Бул тууралуу КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көпүрөнү калыбына келтирүү иштерине 7 бирдик атайын техника тартылган.

“Бүгүнкү күндө оор жана жеңил унаалар үчүн убактылуу көпүрө камсыз болду”, — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, КР Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Таабылды Тиллаев аталган министрликтин Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү маселелерин координациялоодо.

Эскерте кетсек, аталган көпүрө калк үчүн дары-дармек, азык-түлүк жана башка керектүү каражаттарды жеткирүүнү ишке ашырган маанилүү объект болуп саналат. Ал 17-сентябрда тажик аскерлери тарабынан жардырылган.

Количество просмотров: 35

Элдик курултай эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө боло алабы?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда