• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чек ара боюнча жумушчу топ Дүйшөмбү шаарынан жолугушту

27 Кулжа 2022 15:07 Бишкек Govori.TV

Дүйшөмбү шаарында топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 21-26-июнунда Дүйшөмбү шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. 

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү Протоколго кол коюлду. 

Тараптар кезектеги жолугушууну Кыргызстандын аймагында өткөрүүнү макулдашты. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Количество просмотров: 64