• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чек ара чечилди: Кыргызстан менен Тажикстан кайсы жерлерин алмашты?

27 Бирдин айы 202511:47 Бишкек Govori.TV

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим тууралуу маалымат берди.

Ташиев тажик тарап 1924-1927-жылдардагы материалдар (карта) менен иштөөгө ыктап келгенин, ал эми Кыргызстан 1991-жылдагы документтерге таянганын белгиледи.

«Ошондуктан 2011-жылдан 2021-жылга чейин чек ара маселеси чечилбей келген. Соңунда келишим 1924-1927-жылдардагы эмес, 1991-жылы кабыл алынган документтер менен азыркы биз жашап турган чек аралар боюнча такталды. Ушуга экинчи тарап макул болду», — деди Ташиев.

27-февраль күнү Жогорку Кеңештеги тармактык комитеттери биргелешкен жыйында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы боюнча келишимди карап, жактырды.

Количество просмотров: 340