• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чек ара чечилди. Мындан кийинки процедуралар кандай болушу керек? Юристтин комментарийи

28 Бирдин айы 202517:18 Бишкек Govori.TV

27-февраль күнү Жогорку Кеңештин алты комитети биргелешкен жыйынга чогулуп, анда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоору каралып, колдоо тапты.

Жыйында баяндама жасаган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев чек араны тактоодо эки тараптын кызыкчылыгы эске алынганын билдирди. Ал белгилегендей сүйлөшүүлөрдүн негизинде Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү орток пикириге келип, бир катар аймактарды алмашууга барган.

Ал эми юрист Таттуубүбү Эргешбаева ратификациянын мындан кийинки процедуралары кандай болушу керектиги тууралуу комментарий берди. Эргешбаева коомчулукта мыйзам долбооруна келишимдин тексти Жогорку Кеңештин сайтында эмне үчүн кошо тиркелген эмес жана ал менен элдер эмнеге тааныша албайт деген суроо жаралып жатканын айтат.

Количество просмотров: 378