• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Чек ара чыры: 19 миңдей жаран эвакуацияланды

16 Аяк оона 202220:33 Бишкек Govori.TV

Кызыл жарым ай коомунун Баткендеги өкүлчүлүгү тарабынан чек арага жакын жайгашкан аймактардан 19 миңдей жаран эвакуацияланды. Бул тууралуу аталган уюмдун аймактык өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Боз-Адыр айылына 2 миң 58, Сүлүктү шаарына 2 миң 740, Кадамжай шаарына 9 миң 870, Газ, Согмет, Чарбак, Кыштут жана Таян айылдарына 3 миң 334 адам эвакуацияланган.

«Учурда убактылуу жайгаштыруу пункттарына эвакуацияланган жарандарга биринчи психологиялык колдоо көрсөтүлүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 67