• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чек ара чыры: 4 аскер кызматкери жаракат алды

27 Үчтүн айы 202223:32 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам 4 аскер кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

Баткен облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору Арзыбек Бөрүбековдун маалыматы боюнча Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эки тез жардам унаасы менен жаракат алган төрт аскер Баткен облустук бириккен ооруканасына Көк-Таш айылынан келип түштү.

Жараттын түрү: сыныктар. Жабырлануучулардын ден соолугу тууралуу маалымат кийинчерээк берилет.

Количество просмотров: 696