• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Чек ара чыры. Абылгазиев Тажикстандын премьер-министрине чалды

10 Үчтүн айы 2020 22:35 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода телефон аркылуу кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулады. Алар 10-ноябрга оогон түнү кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалдан кийинки кырдаалды турукташтыруу боюнча көрүлүп жаткан эки тараптуу чараларды сүйлөшкөн. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат кызматы билдирди.

«Мухаммедкалый Абылгазиев менен Кохир Расулзода чек аралаш аймактагы коопсуздукту бекемдөөнүн жана кызматташтыктын маанилүүлүгүн, ошондой эле кандайдыр бир чагымдарга жана кырдаалды курчутууга жол бербөөнү белгилешкени» айтылат маалыматта. Өкмөт башчылар Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркация кылуу иштерин активдештирүү зарылдыгына да токтолушкан.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган. Мындан улам Баткен районунун Көк-Таш айылынын 250дөй тургуну коопсуз жайга чыгарылып, учурда айылдагы мектепке жайгаштырылды.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан ок атылганын маалымдап, жоопкерчиликти коңшу өлкөгө жүктөдү. Тышкы иштер министрлиги болсо Тажикстандын элчилигинин өкүлүн чакырып, наарызылык нотасын тапшырды.

Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери жаңжалга кыргыз жарандарынын аракети себеп болгонун билдирген маалымат таратты.​ Бирок кыргыз тарап Тажикстандын окуянын өнүгүшү тууралуу бул маалыматын четке кагууда.

Количество просмотров: 266