• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Чек ара чыры: Бишкекте митингге чогулган элге төрага баштаган депутаттар жолукту

29 Чын куран 2021 19:13 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдына чогулган элге төрага Талант Мамытов, депутаттар Таабалды Тиллаев жана Өмүрбек Бакировдор жолукту.

Талант Мамытовдун айтымында буга чейин депутаттардын жумушчу тобу түзүлүп, жерине баруу камылгасын көрүшүүдө.

«Буга чейин президент да бир катар отурумдарды өткөрүп, тиешелүү тапшырмаларды берди. Учурда депутаттар да жерине жөнөп жатат. Негизгиси абалды курчутуп албоо керек, ошого аракет кылалы», — дейт ал.

Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдына чогулган ондогон активисттер президент Садыр Жапаров, өкмөт башчы Улукбек Марипов жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрөгасы Камчыбек Ташиевдин эл алдына чыгып кырдаалды түшүндүрүп беришин талап кылышууда.

Уюштуруучулардын айтымында, бийликке бир канча талап коюлду:

-Баткен районунун (Ак-Сай, Көк-Таш, Ак-Татыр, Самаркандек) жана Лейлек районунун (Максат, Арка, Бешкент) Тажикстан менен чектеш аймактарында чек ара кызматы күчөтүлсүн.

-Элдин бейпил жана тынчтык жашоосу камсыздалсын.

-Кыргыз өкмөтү жаңжал чыккан жерге барып, кырдаалды жөнгө салсын.

Количество просмотров: 276