• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Чек ара чыры: Экс-президент Отунбаева элди биримдикке, сабырдуулукка чакырды

2 Бугу 2021 17:34 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Роза Отунбаева чек арадагы кырдаал боюнча кайрылуу жасап, элди биримдикке, сабырдуулукка чакырды.

Анын айтымында, кыргыз жана тажик элдери сүйлөшүү жолу менен тил табышат

“Ар бирибиз аракет кылалы. Жапа чегип, жабыр тарткан мекендештерге кол суналы. Мекемелер, жамааттар, коомдук уюмдар, алардын ичинде биздин фонд да ушул күндөрү тынбай Баткенге гуманитардык жардам жиберүүдө. Атышуу токтосо өрттөлгөн, кыйраган имараттарды калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү абзел. Баткен сөзсүз гүлдөйт! Элибиздин бакубат жана тынч жашоосун камсыздоо ар бирибиздин милдетибиз. Учурдагы окуялар эки мамлекеттин ортосунда, эл аралык мүнөздө болуп жатат. Ошондуктан абалды мындан ары да курчутуп албаш үчүн ачык айтылбай турган, көшөгөнүн артында сүйлөшүлө турган иштер болот. Учурда мамлекет жетекчилиги, өкмөт жана дипломатиялык корпус жигердүү аракеттерди жасап жатат. Өз тажрыйбама таянып колумдан келишинче көмөк көрсөтүп жатам. Бириккен Улуттар Уюму баш болгон эл аралык коомчулукка туура маалымат берилип, түзүлгөн кырдаалды элге туура түшүндүрүү иштери жүрүп жатат ”, — деп айтылат кайрылууда.

Количество просмотров: 157