• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Чек ара чыры: Лейлекте айыл өкмөт башчысы барымтага алынды

30 Чын куран 2021 11:03 Бишкек Govori.TV

Лейлекте айыл өкмөтүнүн башчысы барымтага алынды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, башчы маалыматта тактоо, тагыраагы кыргыз жарандарынын экөөсү каза болгондугун тактоо максатында Интернационал айылына барганда кармалган.

«Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылында таджик республикасынын аскер кызматкерлерине тиешелүү болгон аскер техникалары айылды аралап жүрөт. Интернационал айылынын кыргыз жарандарына тиешелүү болгон “Жилой дом” участкасындагы кыргыз жарандарына тиешелүү болгон турак-үйлөргө Таджик республикасынын аскер кызматкерлери кирип алган. Ошол участкага жакын аймакта кыргыз жарандарынын экөөсү каза болгондугун тактоо максатында Интернационал айыл башчысы барган учурда, таджик жарандары аны барымтага алып алышкан», — деп айтылат маалыматта.

Бул факт Лейлек РИИБнин КЖБРне Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 380-беренеси (Тынчтыкка каршы кылмыштар) менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Количество просмотров: 370