• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чек ара чыры: Өзбекстан коңшуларды ынтымакка чакырды

29 Чын куран 2021 19:06 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы кырдаалдан улам билдирүү жасады.

Ташкент эки тараптан тең жабыр тарткандар көбөйүп бара жаткандыктан, коңшуларды ынтымакка чакырды.

«Тараптарды кагылышууну дароо токтотууга үндөйбүз. Абалдын чыңалуусун азайтуу үчүн тараптар бирдей иш алып барып, бир пикирге келиши керек. Бүгүн талашка түшкөн бардык маселелер Борбор Азиядагы элдин ичинде салт болуп калган, кылымдар бою бузулбай келген ынтымактын, коңшулуктун жана өнөктөштүктүн алкагында чечилүүгө тийиш. Өзбекстан абалды тез арада жөнгө салуу үчүн жардам берүүгө даяр», — деп жазылат билдирүүдө.

28-апрелде Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында, Баткендин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш болуп, кыргыз тараптан төрт, тажик тараптан жети адам жараат алганын эки өлкөнүн Чек ара кызматтары билдирген.

Тажикстандын «Ховар» улуттук маалымат агенттиги 29-апрелде чек арадагы чатактан эки тажик жараны жараат алганын билдирди. 28-апрелде жети киши жабыркаганы кабарланган.

29-апрелде да жаңжал уланып, Кыргызстандын Чек ара кызматы “Тажикстандын чек ара аскерлери жана Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы аскерлери «Головной» суу тосмо жайында миномет, пулемет жана автомат менен жапырт аткылоо башташты” деп маалымдады.

Коңшу өлкөнүн чек ара мекемеси чырды кыргыз тарап баштаганын айтууда.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 142