• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чек ара чыры. Жабыркагандардын абалы айтылды

23 Бештин айы 2019 13:13 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министрлиги 18-декабрь күнү кыргыз-тажик чек арасында болгон чырдан улам жабыркагандардын абалы тууралуу маалымат берди.

Министрликтен белгилешкендей, 23-декабрга карата Баткен облустук бириктирилген ооруканасынын травматология бөлүмүндө 3 адам дарыланууда. Алардын абалы – канааттандырарлык.

Жабыркагандардын бири (аскер кызматкери) Бишкектеги травматология жана ортопедия борборуна которулуп, бүгүн ага операция жасалат. Анын абалы –салыштырмалуу канааттандырарлык.

Жабыркагандардын экөөсү амбулатордук дарылануу үчүн ооруканадан чыгарылган.

Эскерте кетсек, 18-декабрь күнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, Баткен облустук бириктирилген ооруканасына 6 киши (4 аскер кызматкери жана 2 жаран) жеткирилген. Алардын экөө (1 аскер кызматкери жана 1 жаран) октон жарадар болсо, төртөө ар кандай жаракат алган.

Количество просмотров: 53