• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Чек ара чырында жабыркагандардын саны 189 адамга жетти

4 Бугу 2021 11:41 Бишкек Govori.TV

Баткендеги жаңжалдан жабыркагандардын саны 189 адамга жетип, 36 жаран курман болду. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Солтонбекова Баткенде 81 медкызматкер, 20 психолог иштеп жатканын белгиледи. Алардын 11-майга чейин иштейт.

“Ооруканаларда 100 адам дарыналууда. Буга чейин Бишкекке 59 жабырлануучу жеткирилген. Баткен облусундагы бейтапканаларда 41 киши жатат, калгандары амбулатордук түрдө дарылануусун улантууда. Учурда дары-дармектер жетиштүү ”, — деди ал.

Эске салсак, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 107 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн, 4 соода түйүнү, 4 соцобъект жана 5 башка мамлекеттик имарат күйгөн жана жабыркаган.

Количество просмотров: 91