• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чек ара чыры: Баткенде электр чубалгыларын оңдоп-түзөө иштери башталды

28 Үчтүн айы 202213:23 Бишкек Govori.TV

Баткенде электр чубалгыларын оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, Ошэлектронун кызматкерлери ал жакта оперативдүү түрдө иштеп жатышат. Жакын арада ар бир үйгө электр энергиясы кошулат.

Эске сала кетсек 2022-жылдын 27-январында Таджикистан тараптан ок атылып Баткендин Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдарында электр энергия өчкөн болчу.

Количество просмотров: 148