• Дүйшөмбү 27 Бугу 2024
  • Понедельник 27 Май 2024

Чек ара чырында жаракат алган Таирбек Инхамовго батир берилди

19 Тогуздун айы 2023 17:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда согуштук жаракаттарды алган чек ара кызматкери Инхамов Таирбек Давранович менен жолугушту.

Атайын кызматтан билдиришкендей, жолугушууда Ташиев Таирбек Инхамовго Бишкек шаарында жайгашкан 2 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

Мындан сырткары, УКМК төрагасы Таирбек Инхамовдун ата-энесине терең ыраазычылык билдирип, алардын баласы өсүп келе жаткан жаш муундарга үлгү экендигин белгиледи. Согуштук аракеттерге катышкан баатырлардын эмгегин мамлекет эч качан унутпай турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда Т.Инхамов минометтун жарылуусунан жаракат алып, эки бутунан катуу жаракат алып, колун ок тешип өтүп кеткен, ошондой эле сол көзүнөн ажыраган. Учурда Т.Инхамов ата-энеси менен жашайт.

Количество просмотров: 322