• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Чек ара: Как-Сай аймагында да атышуу башталды

14 Аяк оона 202214:36 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Чек ара кызматы 14-сентябрда түштөн кийин кыргыз-тажик чек арасындагы Как-Сай аймагында атышуу башталганын билдирди. Анда тажик чек арачылары «Достук» бекетинин чек арачыларын көздөй ок чыгарганы, кыргыз тарап ага жооп берип жатканы айтылат.

Мунун алдында Кыргызстандын Чек ара кызматы 14-сентябрда эртең менен Булак-Башыдагы тактала элек аймакка Тажикстандын чек арачылары куралчан кирип келгенин билдирген. Кыргыз чек арачыларынын чыгып кетүү талабына баш ийбегендиктен кыргыз тарап эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарган. Ошол замат ортодо атышуу башталган. Кыргыз тараптын билдиришинче, «тажик чек арачылары миномет» колдонгон. Соңку маалыматтарга караганда кыргызстандык эки жоокер жарадар болду.

Количество просмотров: 629