• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Чек ара: Каза болгондор боюнча маалымат такталып жатканы кабарланды

16 Аяк оона 202221:08 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги Баткендеги кыргыз-тажик чек чатагында 15 жаштагы кыздын каза болгонун тастыктады.

“Баткен облусунан алынган ыкчам маалыматтарга караганда, каза болгон учурлар дагы бар, алар боюнча маалымат такталууда. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет”, — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик саат 18:00гө карата чек арадагы куралдуу кагылышта жараат алгандардын саны 55ке жеткенин маалымдады

Количество просмотров: 2479