• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Чек ара» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү президентке кайрылуу жасашты

31 Үчтүн айы 202017:44 Бишкек Govori.TV

Бүгүн «Чек ара» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү маалымат жыйын өткөрүшүп, Президент Сооронбай Жеенбековго кайрылуу жасашты. Алар Кыргыз Өкмөтү тарабынан чек арага байланыштуу иш-аракеттер чечкинсиз болуп жаткандыгын бегилеп, Президенттен коомдук бирикменин мүчөлөрүн кабыл алууну өтүнүштү.

Ошондой эле Кыргыз-Республикасынын вице-премьер министри Жеңиш Разаковдун өзүнө тиелешүү ишти алып баруунун ордуна, жарандарды маалымат жыйынга чогултуу менен алек болуп жаткандыгын айыпташты. Көк-Таштын 4 тургунуна негизсиз түрдө козголгон кылмыш ишин кыскартып, камакта жаткан 2 жаранды бошоттуруу талабын коюшту.

«Чек ара» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү бул маалыматты МКА ресурссуна беришти.

Количество просмотров: 370