• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Чек ара кызматы казак тарап жолдун боюн эмнеге тосуп жатканын айтты

6 Бугу 2023 20:05 Бишкек Govori.TV

Чек ара кызматы казакстандык чек арачылар Чүй облусундагы айланма жолдун боюна тосмо орнотуп жатканы боюнча маалымат таратты.

Маалыматка караганда, Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Казакстан өзүнө караштуу 800 метр транзиттик тилкеге тосмолорду орнотуп жатат. Буга чейин спираль түрүндөгү убактылуу көчмө тосмо коюшкан.

«4-майда Казакстан Кыргызстан менен макулдашкандан кийин өз аймагындагы жолдун ачык тилкелерине тосмолорду орното башташкан. Жолго кире бериштин эки тарабында тең кошумча жол белгилери, транзиттик жолдон өтүү эрежелери менен маалымат такталары орнотулган», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 563