Интернетте буга чейин күбөлөр айланма жолдогу транзиттик зонада (Ивановка айылынан алыс эмес жерде) жайгашкан май куюучу жай курчоого алынганын айтып, видео тараган. Кадрдан аскер формасын кийген кишилерди көрүүгө болот.
Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Казакстан тарап транзиттик жолдун аймагын убактылуу курчап койгонун айтышты.
Чек ара кызматы Бишкек — Нарын —Торугарт жолунун аймагында Казакстанга тиешелүү 800 метрлик транзиттик аймак бар экенин эскертти.
Аталган аймакты Казакстан тарап тикенек зым менен убактылуу курчоого алды. Эки өлкөнүн жарандарына тең Казакстандын аймагындагы «Азия» жана «Достык» май куюучу жайына кирүүгө тыюу салынды. Ал эми транзиттик жол айдоочулар үчүн ачык», — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары Мамлекеттик чек ара кызматы кыргызстандыктарды транзиттик жолдо жүргөндө эрежелерди сактоого чакырып, ошондой эле жолдон токтобой өтүү керектигин эскертет.