• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

Чек ара кызматы: Учурда абал салыштырмалуу туруктуу

23 Теке 2019 10:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.07.2019.Govori.TV.

Кыргызстандын чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында абал учуруда тынч экенин маалымдады. Ок атышуу токтоду. Жаракат алган 16 жаран жергиликтүү ооруканага жеткирилип, учурда чек арадагы бардык кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Бул тууралуу  чек ара кызматынын өкүлү Сажыра Чоколоева билдирди.

“ 22-июль күнү саат кечки 17:20лар чамасында Ворух айылынын кире беришинде Тажикстандын желектерин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кетишкен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылындагылер желектердин орнотулушуна каршы болушкан. Бул чатакта аңчылык мылтыктан ок атылган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чыр-чатакты жөнгө салуу аракетин көрүшкөн. Андан тышкары, эки өлкөнүн облустук деңгээлдеги губернаторлору жолукту. Ал эми учурда абал салыштырмалуу туруктуу”,-деди С. Чоколоева.

Количество просмотров: 14