• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чек ара маселеси кантип чечилет? Жетекчилер ошол аймакка үй-бүлөөңөр менен жашап көргүлө…

14 Жалган куран 2019 19:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.03.2019. Govori.TV

Кечээ 13-мартта Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Кыргыз-Тажик жарандарынын ортосунда кайрадан чыр чыкты. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин чогулуп, кайра тарап кеткен эки өлкөнүн тургундары бири-бирине таш ыргытышкан. Ызы-чуу тууралуу  Салам Медиа радиосу видеоматериал таратты.

Акыркы маалыматтарда Мамлекеттик чек ара кызматы 13-марттагы жаңжалда тажик жарандары Баткендин Ортобоз айылындагы бир сарайды өрттөп салганын, Кыргызстандын бир жараны жарадар болуп, Баткендин Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилгенин билдирди.

Маселени чечүүгө Кыргыз-тажик чек арасына биринчи вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков бүгүн эртең менен Баткенге учуп кеткен.

Бул маселени Жогорку Кенешинин депутаттары атайын кызматтын жетекчилерин чакыртып маалымат угууну сунушташты. Бул маселе боюнча парламент жыйыны жабык түрдө өттү.

Окуя боюнча Тажикстан башка билдирүү жарыялады. Тажикстандын УКМКнын Башкы чек ара башкармалыгынын маалыматына ылайык, 13-мартта Кыргызстан тарап өкмөттөр аралык протоколду бузуп, Ворух анклавынын аймагында Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулушун баштаган. Буга Ворух аймагында тургундар каршылык көрсөтүп чыгышкан. Ага жооп катары кыргыз тараптан ок атылган.

Мындай маселеге олуттуу карабаган өкмөт өкүлдөрү сынга алынды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу жаңжал чыккан аймакка жөнөп жатканын айткан.

” Урматтуу Кыргыз элим! Баткен жергесиндеги талаш жер үчүн баарына даярмын! Кээ бирөөлөр айтышы мүмкүн “пиар” деп, бирок мен эч качан пиар менен жашаган эмесмин. Мен үчүн Кыргызстанымдын ар бир метр жери ыйык жана маанилүү. Мен Баткенге жөнөп жатам, бийлик мурдагыларга окшоп эле эч нерсе чече алышпайт. Жер, эл бизге керек, менин, сенин урпактарына керек! Ата- бабалардын жерине кол тийгизбейбиз!!!”

Ташиевдин кадамы дагы сын жаратты. Мындай мезгилде саясатты аралаштырбай, чек ара маселе кылдаттык менен дипломатиялык жол акрылуу чечилиши керек. 

Количество просмотров: 33