Чек ара такталган соң өзбек тараптан 130 үй көчүрүлөт. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов парламент жыйынында айтты.
«Чек араны делимитация жана демаркациялагандан кийин ортодо аралыгы 50 метрди түзгөн эки тараптан зым тартылат. Ал үчүн бул жерлерден элди көчүрөбүз. Аларга компенсация төлөө үчүн 50 миллиард сум (болжол менен 378 миллион сом) каралган», — деди Арипов.
Кошумчалай кетсек, кечээ 14-ноябрда Өзбекстан парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрдү.