• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Чек ара: Ташиев менен Ятимов жолугушту

19 Аяк оона 202222:23 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов бүгүн, 19-сентябрда Тажикстандын аймагында жолугушту. Анда чек арадагы кырдаалды турукташтырууну камсыздоочу иштерди жылдыруу боюнча жумушчу протоколго кол коюлду. Бул тууралуу УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Баткенде журналисттерге билдирди.

«Документтин мазмуну — бүгүнкү болуп жаткан иштерди өркүндөтүп, тынчтыкты сактоо жана бекемдөө үчүн жүргүзүлүп жаткан иштерди улантуу. Чек арада акырындык менен тынчтык орной баштады. Бүгүнкү жолугушуу менен биз тынчтыкка дагы бир кадам таштадык. Бир аз болсо да ишеничтүү боло баштады десек болот», — деди ал.

Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кол салууну иликтөө үчүн эки тараптан түзүлгөн биргелешкен комиссия 20-сентябрда ишин улантарын кошумчалады.

Количество просмотров: 273