2022-жылдын 16-сентябры саат 23:30га карата Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курч бойдон калууда.
КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, тажик тарап кыргыз тараптын позицияларын аткылоону улантып, айрым аймактарда айыгышкан салгылашуулар жүрүүдө.
«Тажикстандын аскерлери саат 22:20да КР УКМКнын Чек ара кызматынын “Тамдык” чек ара заставасын аткылай баштады», — деп айтылат маалыматта.