• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Чек ара: Тажикстан Достук айылын миномет менен аткылады

17 Аяк оона 202211:47 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-сентябрда саат 11:15ке карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жагдай курч бойдон калууда.

КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, тажик тарап Баткендин Достук айылын үч минометтук бөлүмдөн аткылады.

КР Чек ара кызматынын Баткен облусунун аймагында жайгашкан бөлүктөрү Тажикстандын чабуулунун мизин кайтарууда.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.

Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилген.

15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн.

Кечээ, 16-сентябрда саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.

Количество просмотров: 388