• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чек ара: Тажикстан «Головнойдун» аймагында казуу иштерин токтотту

22 Баш оона 2021 9:48 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 21-августунда болжол менен саат 10:00дө «Головной» суу бөлүштүрүүсү каналынын аймагында тажик тарап өзүнүн мамлекеттик чек арага жакын аймагына майдаланган таш төгүп, жол иштерин баштаган.

Кийинчерээк саат 12:00дөр чамасында Тажикстандын жарандары атайын техниканын жардамы менен (1 экскаватор, 1 жүктөгүч, КАМАЗ үлгүсүндөгү 5 жүк ташуучу автоунаа), Ак-Суу дарыясынын батыш тарабында траншея каза баштаган.

Жагдайларды тактоодо бул иштер Исфара шаарынын мэриясы (ТР) тарабынан жүргүзүлгөнү аныкталган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кечки саат беш жарымда тажик тарап жолдун үстүн оңдоо жана чуңкур казуу иштерин токтоткон.

Количество просмотров: 366