• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чек ара: Жараат алгандардын саны 134 кишиге жетти

18 Аяк оона 2022 13:14 Бишкек Govori.TV

18-сентябрь саат 11:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда жаракат алгандардын саны 134 адамды түзүп, 36 адам каза болгон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

«Жабыркагандарга жогорку квалификациялуу жардам көрсөтүү максатында Баткен облусунан борбор калаанын ооруканасына 98 адам жеткирилген. Зарыл болгон дарылоо жана операциялар оперативдүү түрдө жүргүзүлүп жатат», — деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин жарандык коргоо секторунун башчысы Кубанычбек Кулмаматов.

Мекеменин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова белгилегендей, дарыгерлерге жана жарандарыбызга жардам көрсөтүү үчүн Баткен облусуна Бишкектен 87 дарыгер жана медицина кызматкерлери жөнөтүлдү. Бүгүнкү күндө дары-дармектер жана кандын компоненттери жетиштүү, бул маселе министрдин орун басары Садыков Уландын көзөмөлүндө.

«Ушул күндөрү активдүү кан тапшырган кайрымдуу жарандарга ыраазычылык билдиребиз, Бишкек шаарында эле 500дөн ашык адам донор болуп, чогултулган материалдын баары атайын рейс менен Баткен облусуна жөнөтүлдү», — дейт Ж.Айгерчинова.

Белгилей кетсек, гемодиализге муктаж жарандарга да керектүү көмөк көрсөтүлүп, Лейлек районунан 10 адам атайын учак менен Бишкекке жеткирилди.

Количество просмотров: 57