Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2022-жылдын 17-сентябры саат 14:00гө карата (оперативдүү маалымат) саламаттык сактоо уюмдарына жаткырылган жабырлануучулардын жалпы саны 121 жабырлануучуну түзөрүн, анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн маалымдайт.
1. Баткен облустук бириккен ооруканасы – 41 жабырлануучу;
2. Лейлек БДБ — 35 жабырлануучу;
3. Кулунду БДБ — 3 жабырлануучу;
4. Сүлүктү БДБ — 6 жабырлануучу;
5. Улуттук госпитал – 21;
6. Улуттук хирургиялык борбор – 1;
7. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 6;
8. Ош облустук бириккен ооруканасы – 1 жабырлануучу.