• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Саламаттык сактоо: Чек ара чырында жалпы алты киши жараат алды

13 Чын куран 2022 21:10 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чыр-чатакта жалпы алты кыргызстандык жараат алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Раззаков шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун хирургия бөлүмүндө төрт киши жатат.

«23 жаштагы аскер кызматкеринин санына жана таманына октун бөлүктөрү тийген. 30 жаштагы тургун да тизесинен жараат алган. Абалдары орточо оор деп бааланууда. 20 жаштагы дагы бир аскер кызматкери тизесинин булчуңун чоюп алса, 50 жаштагы адамдын оң жак жамбашына октун бөлүктөрү тийген. Экөөнүн тең абалы канааттандырарлык»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 147