• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Чек арада 600 миң сомдук контрабандалык товар кармалды

21 Бугу 2021 10:42 Бишкек Govori.TV

“Мамай” чек ара тилкесинде 600 миң сомдук контрабандалык товар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте “Мамай” чек ара тилкесинде автоунаа менен жалпы 20 коробка (2400 даана) курамында никотин бар продукция алып келе жаткан А.Ж., аттуу жаранын кармашкан.

«Кармалган тамеки продукциясы бажыда декларацияланбаган, тиешелүү жеткирүү документтерисиз Өзбекстандан алынып келе жаткан. Кармалган товардын наркы 600 000 миң сомду түздү, ал эми бажы төлөмдөрүнүн төлөнө турган алдынала суммасы 206 400 сомду түздү»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин маалымат журналына катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 118