• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Чек арада Баткен жана Исфара районунун акимдери жолугушту

15 Бугу 2023 10:29 Бишкек Govori.TV

 Кыргызстандын Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховаддин Баходурзода жетектеген тийиштүү делегациялардын жолугушуусу болду. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Тараптардын жолугушуусу 14-майда Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Суу бою Кара Бак, Чоркух жамаатынын Чорбог айылдары чектешкен аймакта өткөн. Бир нече саатка созулган кездешүүдө бир топ маселелер жеринде талкууланган.

«Чек ара, укуктук тартип, макулдашылбаган аймактарда эки тараптуу курулуш иштерин, түрдүү аракеттерди болтурбоо жана алдын алуу, сугат суу, ичүүчү суу, калыбына келтирүү жумуштарына эки тараптуу тоскоолдуктарды жаратпоо, ирригациялык, чарбалык жана күндөлүк жашоодо болуп жаткан маселелер туурасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Эки тараптуу делегация буга чейинки окуяларды биргелешип иликтөө, чагымчылдык аракеттердин алдын алуу үчүн чараларды көрүү боюнча макулдашышты»,-деп жазылат маалыматта.

Андан сырткары, эки элди түрдүү провокациялык чакырыктарга алдырбоо маселелери каралып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чек аралаш аймактарда эки тараптуу туруктуулукту сактоо жактары сүйлөшүлдү.

Учурда Баткен районунун чек ара аймагында коомдук саясий абал тынч.

Количество просмотров: 74