• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Чек арада үчүнчү жолу ок атышуу катталды

14 Аяк оона 2022 15:44 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-сентябрда саат 15:08де Баткендин Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына тажикстандык чек арачылар ок чыгарды. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кыргыз тарап жооп катары ок чыгарган.

Эскерте кетсек, бүгүн, 14-сентябрда эртең менен кыргыз-тажик чек арасында ок атылды.

УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачыларын байкашкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлешкен.

“Тажикстандык чек арачылар кыргыз тараптын тилкеден чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ок чыгарган. Жооп катары кыргызстандык чек арачылар дагы ок чыгарган. Ок атышууда тажик тарап миномет колдоно баштаган. Атышуудан эки кыргызстандык чек арачы жарадар болду”, — деп айтылат маалыматта.

Ал эми саат 14:00гө карата Баткендин Как-Сай жерлигинде Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын “Достук” чек ара заставасы көздөй ок чыгарышкан. Бирок ок атышуу саат 14:40ка карата токтогон.

Количество просмотров: 127