• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Чек арада эки кыргызстандык аскер кызматкери жараат алды

14 Аяк оона 202214:31 Бишкек Govori.TV

Булак-Башы жерлигинде орун алган куралдуу чыр-чатактын натыйжасында КР УКМКнын Чек ара кызматынын эки аскер кызматкери жараат алды. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, минометтун снарядынын жарылышынын натыйжасында бир чек арачы жеңил жараат алган — минометтун снарядынын сыныктары денесине чийип өтүп, экинчи жоокер контузия алды.

«Аларга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, аскер кызматкерлери дарыгерлердин көзөмөлүндө. Аскерлердин ден соолугунун абалы канааттандырарлык деп бааланууда», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бүгүн, 14-сентябрда эртең менен кайрадан кыргыз-тажик чек арасында ок атылды.

Количество просмотров: 57