Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, саат 18.40ка карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу, бирок чыңалуу элементтер бар.
Бүгүн Баткен облусунун Баткен районунун Төрт -Көчө жергесинде Тажикстан Республикасынын жарандары Кыргызстандын жарандарынын унааларын таш менен ургулашкан.
Ал жерге Кыргызстандын башка жарандары да келишип, ортодогу кайым айтышуу бири-бирине таш ыргытышууга өткөн. Кыргызстандын жана Тажикстандын чек арачыларынын жана укук коргоо органдарынын ыкчам кийлигишүүсү менен эки тараптын ортосундагы чыр-чатакты басууга мүмкүн болду.
Экинчи чыр-чатак Ош-Исфана-Баткен жолунун тилкесинде орун алып, аны Кыргызстандын жарандары тосуп салышкан. Саат 18.20да жол ачылган.
Баткен облусунда жайгашкан чек ара тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.