• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Чек арада жабыркагандардын саны 198 адамга жетти

20 Аяк оона 2022 16:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-сентябрь саат 15:00гө карата Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 198 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 26 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү.

Белгиленгендей, ооруканаларда жалпысынан 172 адам дарылануусун улантууда. Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарында 68 адам дарыланып жатат, ал эми 104 адам Бишкек жана Ош шаарларынын саламаттык сактоо уюмдарына которулду:

1. Улуттук госпитал – 75 жабырлануучу;

2. Улуттук хирургиялык борбор – 8 жабырлануучу;

3. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8 жабырлануучу;

4. Тез медициналык жардам ооруканасы – 9 жабырлануучу;

5. Ош облустук бириккен ооруканасы – 4 жабырлануучу;

Белгилей кетсек, Баткен облусундагы куралдуу кагылыштан 59 адам каза болду.

Количество просмотров: 109