• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чек арада жабыркагандардын саны 46га жетти

29 Чын куран 202122:52 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги кечки саат 22.30га карата кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандардын саны 46га жеткенин маалымдады.

Жабыркагандардын ичинен бирөө көз жумган, бирине амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Калганы түрдүү жаракаттар менен ооруканага түшкөн.

Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери ок атышууну токтотуп, чек арадагы аскер күчтөрүн мурдагы жайларына кайтарууга  макулдашканы кабарланган.

Количество просмотров: 164