• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Чек арада жаракат алган аскер кызматкерлери Бишкекке алынып келинди 

10 Бугу 2020 15:42 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-майда Баткен облустук бириккен ооруканасынан Бишкекке атайын борт менен кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда жаракат алган 3 адам алынып келинди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, алар Улуттук госпиталга жаткырылды.

Жабыркаган М.С. уулу, 1994-жылы туулган. Кыр арка сөөгүнүн көкүрөк тушуна ок тийген. Ичине, жамбаш сөөк бөлүгүнө ок тийген. Анестезиология жана реанимация бөлүмүнө жаткырылган, абалы туруктуу оор деп бааланууда.

М.А. уулу, 1995-жылы туулган жана Ч.Т. уулу, 1994-жылы туулган көкүрөк тушуна ок тийген. Хирургия бөлүмүнө жаткырылган, абалдары салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.

«Учурда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин, Миталип Мамытовдун жана башка адистердин катышуусунда консилиум өтүүдө. Жыйынтыгында бейтаптарды андан ары дарылоо тактикасы аныкталат»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 8-майда Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында ок атышуу болуп, Мамлекеттик чек ара кызматынан абалды оор деп билдирген. Ал эми андан кийин, чырдан улам 3 аскер кызматкери жана бир тургун жаракат алганы маалымдалган. Анын эртеси Кыргыз өлкөсү чек арадагы чыр боюнча Тажикстанга каршылык билдирүү нотасын жөнөткөн. Нотага Тажикстан жооп берип, анда Кыргыз тарапка окуяга тиешелүүлөрдү аныктап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу талабын койгон. Ушундай эле талапты Кыргыз тарап да Тажикстанга жөнөткөн нотада айткан.

Количество просмотров: 144