• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чек арада жаракат алган эки адамдын абалы айтылды

7 Баш оона 2020 13:27 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасында 6-август күнү жаракат алган аскер кызматкеринин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ошол эле күнү кечинде ок тийген 65 жаштагы Р.М., аттуу тургунга опеция жасалган.

«Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылында 65 жаштагы Р.М., аттуу тургунуна операция жасалып, абалы орто оор деп бааланууда. Эки бейтап тең дарыланып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 6-августтун таңында да курал колдонулган окуя катталган. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Баткен районуна караштуу Эки-Таш деген жерде тажик тараптан белгисиз бирөөлөр кыргызстандык чек арачыны болжол менен мергенчилик мылтыктан атканын кабарлаган. Маалыматка караганда, чек ара отрядынын кызматкериниү колуна ок тийген. Ошол эле күнү кечинде саат болжол менен 19:30 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын четиндеги Жака-Өрүк участогунда талаада эгин сугарып жүргөн кыргызстандык жаранга белгисиз тараптан эки ок тийип, жарадар болгон.

Количество просмотров: 72