• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чек арада жаракат алгандардын бешөө Бишкекке алынып келинди

16 Аяк оона 202216:42 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарга Тажикстан тараптын оор согуштук техникалар менен кол салуусунда жабыркагандардын саны саат 15:00гө карата 42ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

«19 жабырлануучу Баткен облустук бириккен ооруканасында, 18и Лейлек райондук ден соолукту чыңдоо борборунда, дагы 5 адам Лейлек райондук ден соолукту чыңдоо борборунан Бишкек шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына жеткирилген»,-деп айтылат маалыматта.

Жабырлануучулардын абалы жана диагнозу тууралуу маалымат бериле элек.

Количество просмотров: 177